
Грециянын Салоники шаарында
2026-жылдын 3–8-май күндөрү Грециянын Салоники шаарында 43-Балкан математикалык олимпиадасы (BMO 2026) болуп өттү.Олимпиадага 25 өлкөдөн 148 окуучу катышты.Жыйынтыгында 6 окуучудан турган Кыргызстандын командасы 5 коло медаль жеңип алды.Катышуучулардын жыйынтыгы:1. Мусаходжаев Султан — коло медаль, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу. 2. Акимов Ариет — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу. 3. Саят Арлан — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу. 4. Акенеев Тимур — коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.Машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол. 5. Дооронбеков Нурахмед — коло медаль, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу.Машыктыруучусу: Байбаев Сусарбек. 6. Тологонов Даниель — катышуучу, Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу.Машыктыруучусу: Абдураимов Шумкарбек. Команданын жетекчилери: Асанкадыров Айдин, Абдураимов Шумкарбек.Кыргызстан бул олимпиадага сегизинчи жолу катышууда. Буга чейин Кыргызстан командасы жалпы 17 медаль уткан, алардын 14ү 2024–2026-жылдар аралыгында алынган.Белгилей кетсек, Балкан математикалык олимпиадасынын максаты — математика жаатындагы таланттуу окуучуларды колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөр ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү, ошондой эле Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярдык көрүү болуп саналат.



