
Базар-Коргон суу сактагычында дамба бекемделип, сугат суусунун коопсуздугу камсыздалууда.
Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы белгиленген планга ылайык иштерди жүргүзүүдө. Учурда Базар-Коргон суу сактагычы аймагында дамбаны бекемдөө иштери активдүү жүрүп жатат.
Атайын техникалар тартылып, адистердин көзөмөлүндө дамбанын коопсуздугун жогорулатуу максатында тыгыздоо жана бекемдөө иштери аткарылууда.
Суу сактагыч 322 гектар аянтты ээлеп, 22 млн куб суу топтой алат. Ал жакынкы айылдарды сугат суусу менен камсыз кылат.