
Спорт тармагындагы 4 миңден ашык кызматкердин айлыгы 50%га чейин жогорулап, кошумча төлөмдөр да каралды.
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды. Чечим Президенттин тиешелүү Жарлыгын ишке ашыруу максатында бекитилди.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып спорт тармагындагы 4 367 кызматкердин айлыгы 50%га жогорулатылып, кошумча 15 000 сом жана 5 000 сомдук компенсация каралды.
Бул чара кызматкерлердин эмгегин баалоого, иш натыйжалуулугун жогорулатууга жана спорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган.