
.
29-октябрда эртең менен Бишкек жана анын айланасындагы айрым райондордо абадагы зыяндуу PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы белгиленген нормадан ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, 29-октябрда саат 08:00гө карата абанын булганышынын эң жогорку көрсөткүчү Ысык-Ата районунда катталып, PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы нормадан 1,41 эсеге жогору болгон. Аламүдүн районунда бул көрсөткүч 1,27 эсеге, Бишкектин Свердлов районунда 1,21 эсеге ашкан.
PM2.5 — көлөмү өтө майда болгондуктан дем алуу жолдоруна терең кире алган бөлүкчөлөр. Алар өзгөчө балдарга, улгайган адамдарга жана дем алуу органдарынын оорулары бар жарандарга коркунуч туудурат. Адистер аба булганган учурда сыртта узак убакыт болууну жана күч келтирген машыгууларды чектөөнү сунушташат.
Ошол эле учурда абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality рейтингинин маалыматына ылайык, 29-октябрда саат 12:30га карата Бишкек абасынын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга чыккан. Борбор калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 206га жетип, «ден соолукка зыяндуу» категориясына кирген. Рейтингдеги көрсөткүчтөр реалдуу убакыт режиминде өзгөрүп турат.
Күн суукташы менен Бишкекте абанын булганышы кайрадан курч көйгөйлөрдүн бири болуп жатат. Акыркы жылдары шаарда ыштын жана түтүндүн көбөйүшү коомчулуктун көңүлүн буруп келет.
Буга чейин, быйыл январда, Бишкектеги абанын сапатынын индекси 700дөн ашып, өтө кооптуу деңгээлге жеткен. Ошол эле мезгилде өкмөт акыркы эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирген.