
.
Бишкектеги абанын булганышын интернет аркылуу көзөмөлдөөгө болорун билчү белеңиз?
Кыргызгидромет абанын сапатына байкоо жүргүзүү үчүн 14 стационардык, 1 автоматтык станцияны жана 50 датчикти колдонот.
Абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтынан алууга болот. Анда акыркы 24 саат ичинде абадагы зыяндуу заттардын концентрациясы боюнча маалыматтар жарыяланат.
Абанын сапатынын деңгээли түстөр менен белгиленет:
🟢 Жашыл — коопсуз
🟡 Сары — кооптуу болушу мүмкүн
🔴 Кызыл — ден соолукка зыяндуу
🟣 Сыя көк — өтө кооптуу
Төмөндөгү сүрөттөн абанын учурдагы абалы менен таанышсаңыз болот.