
.
Бишкектин төрт районундагы көмүр базаларында жалпы 13 миң 190 тонна көмүр камдалган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон баштап сатылууда. Запастын басымдуу бөлүгү Свердлов жана Ленин райондоруна туура келет.
Райондор боюнча көмүрдүн көлөмү төмөнкүдөй:
Ленин району — 5 370 тонна;
Свердлов району — 5 550 тонна;
Октябрь району — 1 713 тонна;
Биринчи май району — 557 тонна.
Ленин районунда Кара-Кече көмүрү Ак-Ордо-3, Новопавловка, Селекция конуштарында жана Мурман, Б. Алыкулов, Сарыкулаков, Дэн Сяопин көчөлөрүндөгү бир катар соода түйүндөрүндө сатылат. Бул райондо Кара-Кече, Миң-Куш көмүрлөрүнүн бир тоннасы 7 миң сомдон, ал эми Шабыркүл көмүрү да ушул баада сунушталууда.
Свердлов районунда тогуз көмүр базасы иштейт. Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Шабыркүл көмүрү 7 миң 800 сомдон сатылууда.
Октябрь районунда кышкы сезонго 1 713 тонна көмүр камдалып, учурда райондогу бардык сатуу түйүндөрүндө көмүр бар экени маалымдалды.
Биринчи май районунда Кара-Кече, Миң-Куш жана Шаргунь маркасындагы көмүр сатылат. Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 7 миң сом, Миң-Куш 8 миң сом, Шабыркүл 7 миң 600 сом турат.
Көмүр сатыла турган даректердин толук тизмесин Бишкек мэриясынын расмий сайтынан көрүүгө болот.