
Бишкекте салттуу маданият жана искусство боюнча эл аралык симпозиум өткөрүлүп, адистер тажрыйба алмашты.
Бишкек шаарында III Эл аралык «Салттуу маданият жана искусство: сактоо, изилдөө жана билим берүү стратегиялары» аттуу симпозиум өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору, Евразиялык эл аралык университет жана Манас театры тарабынан уюштурулду.
Симпозиумга Венгриянын элчиси Шандор Дороги, ошондой эле Казакстан, Россия жана Венгриядан келген окумуштуулар, профессорлор, искусство өкүлдөрү катышты.
Жыйында салттуу маданиятты сактоо, изилдөө жана билим берүү маселелери талкууланып, эл аралык тажрыйба алмашуу жана жаңы сунуштар айтылды.