
Кыргызстандык спортчу эл аралык мелдеште эки түр боюнча байгелүү орундарды жеңип алды.
Марокконун Рабат шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнөлүк Гран-При мелдешинде Кыргызстандын спортчусу Адина Самыйбек кызы ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү. Ал ядро түртүүдө 3-орунду, диск ыргытууда 2-орунду ээледи.