
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин мыйзамсыз акча талап кылууга шектеп кармады.
Маалыматка ылайык, алар кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн жарандардан системалуу түрдө акча алып келишкен. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамсыз легалдаштырууга көмөктөшкөнү айтылууда.
22-апрелде жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери уланууда.