
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Москва районунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жайды аныктады.
Жашыруун жай Беловодское айылындагы «Крепостное» көлмөсүнүн аймагынан табылып, атайын операциянын жүрүшүндө ар кандай курал-жарак жана каражаттар алынган. Алардын ичинде эки ок атуучу курал, колго жасалган курал, гранаталар, ок-дарылар, магазиндер жана байланыш каражаттары бар.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган буюмдар мурда жоюлган уюшкан кылмыштуу топко тиешелүү болушу мүмкүн.
Учурда бул жайга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана анын максатын тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.