
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы ветеринардык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата илимий-практикалык конференция уюштурду.
Иш-чарага тармактык түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ветеринардык ассоциациялар, мамлекеттик органдар, эл аралык өнөктөштөр жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Жыйындын негизги максаты — Зооноздук инфекциялар боюнча учурдагы абалды талкуулап, алардын адамга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле алдын алуу жана көзөмөлдөө жолдорун аныктоо болду.
Катышуучулар эпизоотиялык кырдаалды, тобокелдиктерди, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларын, ошондой эле «One Health» алкагында кызматташууну күчөтүү маселелерин карашты.
Жыйынтыгында зооноздук оорулардын жайылышын алдын алуу, мониторингди жакшыртуу жана тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.