
Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиев Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Блерт Кадзадеж менен жолугушту.
Тараптар шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, айрыкча Бишкек менен Тирананын ортосунда өнөктөштүк түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу, ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери каралды.
Ошондой эле өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү белгиленип, бул келечектеги кызматташтыкты бекемдөөгө негиз болору айтылды.