
КР УКМК 2026-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарын жана Тергөө кызматынын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармады.
Маалыматка ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгобоо үчүн 2000 АКШ долларын талап кылышкан. Кармоо ИИБ имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда жүргүзүлгөн.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.