
Калкты диний-экстремисттик агымдардын таасирине тартууну алдын алуу максатында КР УКМК Талас облусунун казыяты жана ИИБ өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын тарапкерлери болгон Айтматов районунун жана Талас шаарынын айрым тургундары радикалдуу идеологиядан баш тартты.
Алар өздөрү карманган диний багыттын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды салттуу исламдын нормаларын сактоого, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын карманууга чакырышты.
Мындан тышкары, коомдо туура эмес диний ишенимдерден улам бөлүнүп-жарылууга жол бербөө зарылдыгы белгиленди.



