
2026-жылдын 16-апрелинде Бишкекте «Балдарды коргоо системасы: көйгөйлөрдөн чечимдерге бирге» аттуу тегерек стол өттү. Иш-чараны «SOS Балдар айылдары Кыргызстан» коомдук фонду уюштурду.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, райондук администрациялардын орун басарлары, социалдык өнүктүрүү тармагынын адистери, эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар балдарды коргоо системасын жакшыртуу, социалдык жетимдиктин алдын алуу, үй-бүлөлөргө өз убагында колдоо көрсөтүү жана камкордуктун альтернативдүү формаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөр менен иштөөгө жана балдарды интернаттарга негизсиз жайгаштыруунун алдын алууга бурулду.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы кызматташууну күчөтүү жана балдардын укуктарын коргоого багытталган практикалык чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.



