
2026-жылдын 16-апрелинде №181 бала бакчасында «Баластан» телеканалынын башкы жомокчусу, актёр Н. Копоев менен чыгармачылык жолугушуу уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө конок балдарга жаныбарлар, достук жана камкордук тууралуу жомокторду окуп берип, алар менен жандуу баарлашты. Жолугушуу тарбиялануучулар үчүн өзгөчө кызыктуу өтүп, көпчүлүгү актёрду буга чейин телевизордон гана көрүшкөнүн белгилешти.
Иш-чара жылуу маанайда өтүп, ата-энелер уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Жолугушуу Китеп күнүнө арналган Окуу декадасынын алкагында өткөрүлүп, балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.



