
Чүй облустук милициясы билдиргендей, мал уурдоо фактысы боюнча эки жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга 24 жаштагы жаран кайрылып, Айдарбеков айылынан жалпы баасы 150 миң сомдук малы уурдалганын билдирген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 27 жаштагы Ш.Д. жана 29 жаштагы К.Т. аттуу жарандар шектүү катары кармалган.
Тергөөдө уурдалган мал үчүнчү тарапка сатылганы аныкталган. Учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.



