
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы шаар аймагында гүл отургузуу иштерин баштады. Быйыл жалпысынан 2 миллион бир жылдык гүл отургузуу пландалууда.
Жашылдандырууда тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгин, петуния жана колеус сыяктуу ар түрдүү кооз гүлдөр колдонулат. Алар жаз-жай мезгилинде шаарга көрк берип, түстүү атмосфера жаратат.
Гүлдөр борбордук көчөлөргө, парктарга, скверлерге жана гүлзарларга отургузулуп, Бишкектин көркүн арттырат. Иштер шаардын бардык төрт районунда бир убакта жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана конокторун гүлзарларга аяр мамиле кылууга жана коомдук жайларды таза сактоого чакырат.



