
2026-жылдын 15-апрелинде Бишкек ЖЭБинде 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралды. Жыйынга шаар жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Калаа башчысы Айбек Джунушалиев өткөн жылытуу мезгили ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, электр энергиясын өндүрүү көлөмү жогорулаганын айтты. Ошондой эле экологиялык жана техникалык жаңылануулар ишке ашырылып, ишканалардын натыйжалуулугу арткан.
Мындан тышкары, жылуулук тармактарын модернизациялоо, жаңы жабдууларды киргизүү жана энергияны үнөмдөө чаралары көрүлүп жатканы айтылды. Алдыдагы мезгилде жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу негизги багыттар катары белгиленди.
Жыйынтыгында шаар мэри тиешелүү кызматтарга энергия менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.



