
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Интернационал айылынын Баарын участкасында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү уланууда.
Аймактарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу багытындагы иштердин алкагында айылда жаңы суу өткөрүүчү магистралды тартуу этабы аяктады.
Учурда төмөнкү негизги иштер аткарылды
2 кмден ашык суу түтүктөрү тартылды
диаметри 110 мм болгон 1031 погондук метр жана 75 мм болгон 1037 погондук метр түтүк орнотулду
темир-бетондон суу кудуктары курулду
жалпы көлөмү 10,29 м³ болгон курама темир-бетон конструкциялар орнотулду
төшөлмө катмар, герметизация жана коргоочу иштер аткарылды



