
2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев №12 мектепке барып, Китеп күнүнө арналган окуу декадасынын алкагында тематикалык иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал окуучуларга “Бишкектеги абанын сапаты” деген темада экологиялык сабак өтүп, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгүн түшүндүрдү.
Сабак интерактивдүү форматта өтүп, окуучулар талкууга активдүү катышып, суроолорду берип, жооп алышты.
Мындай демилгелер окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатууга жана жаш муундун арасында жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган.



