
2026-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаардык мэриясынын алдында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевге Zhong Tong жана Yutong маркасындагы эки үлгүдөгү жаңы автобустар көрсөтүлдү.
Бул демилге Бишкектин конуштарын тейлөө үчүн 625 даана автобус сатып алуу долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ менен иштесе, Yutong маркасындагы автобус электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 890 см болгон бул автобустар төмөн полдуу, кондиционер менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.
Учурда сунушталган моделдерге комплекстүү сыноо жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы боюнча корутунду даярдалып, жеткирүүчүлөрдү тандоо жана техникалык мүнөздөмөлөр боюнча акыркы чечим кабыл алынат.
Эске салсак, долбоордун алкагында алынуучу автобустар негизинен тар көчөлөрү бар конуштарда коомдук транспортту жакшыртууга багытталган.



