
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары М.И. Дүйшеевдин төрагалыгы алдында коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.



Жыйынга түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары жана коррупцияны алдын алуу боюнча өкүл катышты. Анда 2025–2030-жылдарга карата стратегияны жана тиешелүү мамлекеттик программаларды ишке ашыруу маселелери каралды.
Иш-чарада коррупциянын алдын алуу, себептерин жоюу жана укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча баяндамалар жасалып, биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча сунуштар талкууланды.



