
КР УКМК тарабынан тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш-чаралар уланууда.
4-апрелде Бишкектеги Ош базары аймагында аталган уюмдун Кара-Көл шаарындагы ячейкасынын жетекчиси кармалды. Ал буга чейин издөөдө жүрүп, экстремисттик идеологияны жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана каражат чогултуу менен алектенип келген.
Кармалган жаран өзүнүн уюмга тиешеси бар экенин мойнуна алды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын башка байланыштарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.