
Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Стамбулда өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орунга илинди. Ал бокстан “Ahmet Cömert” атындагы турнирде үчүнчү орунду багынтып, коло медаль утту.
Спортчу 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал мелдешти 1/8 финал баскычынан баштап, алгачкы кармаштарында Грузия жана Түркиянын өкүлдөрүн утуп, ийгиликтүү түрдө жарым финалга чейин жетти.
Чечүүчү баскычта финалга жолдомо үчүн беттеште казакстандык атаандашына утулуп калды. Натыйжада Омар Ливаза турнирди үчүнчү орун менен жыйынтыктап, коло медаль ээси болду.
Бул жыйынтык кыргыз спортчусунун эл аралык аренадагы кезектеги жетишкендиги болуп саналат.