
АКШ алдыдагы эки-үч жума ичинде Иранга каршы соккуларды күчөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы кырдаал боюнча билдирүүсүндө айтты.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү Америка өзүнүн аскердик максаттарын ишке ашырып, Иранга каршы катуу соккуларды жасайт.
"Биз белгиленген план боюнча бара жатабыз жана жакын арада бардык аскердик максаттарыбызды аткарабыз. Душманга өтө күчтүү сокку урулат. Эки-үч жуманын ичинде аларды таш дооруна кайтарууну көздөп жатабыз", — деген Трамп