
Бишкек шаарында денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 2-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Бобулов көчөсүндө белгисиз жарандар мушташып, чыр-чатак учурунда К.И. аттуу жаран курч буюмдан жаракат алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Д.М. аттуу шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.