
Чүй облусунда үй сатууга байланышкан алдамчылык фактысы боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук районунун тургуну 2022-жылы бир жаранга үйүн 1,7 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзүп, алдын ала 1,6 миллион сом алган. Бирок кийин ал үйдү башка адамдарга сатып жиберип, акчаны кайтарбай байланыштан чыгып кеткен.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 27-мартында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.