
Сузак районунда мал союу жайларында пландуу ветеринардык мониторинг жүргүзүлдү. Анын алкагында жаныбарларды коштоочу документтердин болушу, оорулуу малдарды киргизбөө жана идентификация талаптарынын аткарылышы текшерилди.
Ошондой эле санитардык абал, дезинфекция каражаттарынын колдонулушу көзөмөлгө алынып, адистер объект ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Айрым жайларга эскертүүлөр берилди.
Мындан тышкары, лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн этти сатпоого байланыштуу да эскертүүлөр жасалды. Бул иштер калктын ден соолугун коргоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатын көздөйт.