
Бишкекте мектеп имаратына жардыргыч зат коюлгандыгы тууралуу “WhatsApp” аркылуу жалган маалымат тараткан окуучулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК менен ИИМдин биргелешкен иш-чараларынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, үн билдирүүлөр 5–7-класстын окуучулары түзгөн топтук чаттарда тараган. Имарат кинологдордун катышуусунда текшерилип, жардыргыч заттар табылган эмес.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. УКМК ата-энелерди жана мугалимдерди балдардын жүрүм-турумуна, анын ичинде интернеттеги активдүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.