
Бишкек шаарында 1-апрелде кол күрөш боюнча жаштар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды.
Ачылыш аземине спорт тармагындагы жетекчилер катышып, мелдешке өлкөнүн жети дубанынан 400дөн ашуун спортчу келген.
Жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондуктарына жолдомо алышат. Мелдештер 3-апрелге чейин уланат.