
КР УКМК салттуу эмес диний агымдардын жайылышына жана жашы жете электерди азгырууга жол бербөө максатында 19 диний окуу жайда текшерүү жүргүздү.
видео
Жыйынтыгында уруксат документтери жок болгондуктан 3 медресе жабылып, алар боюнча тергөө иштери башталды. Мындан тышкары, санитардык талаптарды одоно бузган 2 медресеге айып пул салынып, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду, дагы 4 медресеге эскертүү берилди.
Айрым диний адабияттар текшерүүдөн өтпөй, Дин башкармалыгына жөнөтүлгөн. Ошондой эле окуучулардын арасында ата-энеси жок жана мигранттардын балдары бар экени аныкталып, тиешелүү органдарга маалымат берилди.
УКМК диний мекемелерди мыйзам жана санитардык талаптарды так сактоого чакырып, мындай текшерүүлөр улантыларын билдирди.