
Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Школьная көчөсүндө жайгашкан объектилерде текшерүү жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө айрым жер ээлери өздөрүнө тиешелүү тилкелердин чегинен чыгып кеткени аныкталган.
Жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 149-беренесине ылайык 246 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле жер ээлерине мыйзам бузууларды жоюп, тилкелерин белгиленген чек арасына келтирүү үчүн 15 күн мөөнөт берилди.
Текшерүүнү жүргүзгөн кызмат жарандарды мамлекеттик актыларда көрсөтүлгөн чек араларды так сактоого чакырып, мыйзам талаптарын бузбоо керектигин эскертти.