
Араван районунда “Элдик” агрардык дүкөнү ишин баштады. Дүкөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Айыл чарба министрлиги менен жеке ишкердин кызматташуусу аркылуу ачылган.
Бул жерде дыйкан-фермерлер үчүн сапаттуу үрөндөр жана жер семирткичтер арзан баада сунушталат. Учурда органикалык жер семирткичтерден тышкары жүгөрү, пахта жана беде уруктары сатылууда.