
Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-мартта Ак-Ордо конушунда белгисиз адам балдарга конфет таратып жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. Кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Н.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үйүн тинтүү учурунда момпосуйлар жана башка далил буюмдар алынган.
Милиция ата-энелерди балдарына бейтааныш адамдардан эч нерсе албоону эскертип, шектүү жагдайлар болсо 102ге кайрылууга чакырды. Тергөө иштери уланууда.