
Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарында турак үйдө чыккан өрттөн 1 адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык тууралуу маалымат түнкү саат 00:31де түшкөн.
Өрт Прядильная көчөсүндөгү үйдө чыгып, аны өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 03:08де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен 68 жаштагы эркек киши каза болгону белгилүү болду.