
2026-жылдын 30-мартында Илич Марсбек уулу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп эмгек жамаатка расмий тааныштырылды. Аны Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков сунуштады.
Илич Марсбек уулу 1983-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка айылында төрөлгөн. Түркиянын Измир шаарындагы университетте билим алып, экономика боюнча магистр даражасына ээ болгон. Ошондой эле мамлекеттик саясат жаатында эл аралык программаны аяктаган.
Эмгек жолун жеке сектордо баштап, кийин Нарын облустук администрациясында, Өкмөттүн Аппаратында жана Айыл чарба министрлигинде иштеген. 2019–2021-жылдары Өсүмдүктөрдү карантиндөө департаментин жетектеп, министрдин орун басары кызматын аркалаган. Акыркы учурда жеке компанияда жетекчи болуп иштеп келген.
Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси болуп саналат жана бир катар сыйлыктарга ээ.
Жаңы кызматында тармакты өнүктүрүүгө багытталган иштерди эффективдүү уюштурат деп күтүлүүдө.