
Бишкек шаарында башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-мартта таңкы саат 04:40 чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын салону өрттөлгөн. Унаанын ээси милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси («Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.