
«Аю Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин айткан сөздөрүнө жооп кайтарды. Ал Ташиевдин билдирүүсүн «калп» деп атап, өз сөздөрүн фактылар менен негиздеп жатканын белгиледи.
Абдыкеримовдун айтымында, анын үй-бүлөсүнө таандык мүлктөр, анын ичинде кызынын соода борбору, уулдарынын батирлери жана кеңселери алынган. Натыйжада, балдары каржылык кыйынчылыкка туш болуп, окуусун уланта албай калганын айтып, бул жагдай өзүнө оор сокку болгонун белгиледи.
Ал ошондой эле бардык жагдайлар мыйзам чегинде ачык иликтенсе жакшы болорун айтып, президентке кайрылуу жасалганын жана тергөө башталганын эске салды.
Эске салсак, буга чейин Абдыкеримов мамлекетке өткөрүлгөн айрым соода борборлор боюнча президентке кайрылган. Анын билдирүүсүнө Камчыбек Ташиевдин тарапташы жооп берип, айтылгандарды четке каккан.