
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев “Номад” телеканалына берген маегинде шаардагы курулуп жаткан объекттерди кээде таң эрте кыдырып турарын айтты.
Анын айтымында, мындай текшерүүлөр көбүнчө камерасыз жүргүзүлөт. “Кээ бир күндөрү караңгыда эле чыгып кетем. Камера ээрчитпей, курулуп жаткан объекттерди өзүм көрүп чыгам да, саат 8:00гө чейин кайра жумушка келип калам”, — деди Акаев.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев да таңкы кыдыруулары менен белгилүү болуп, тиешелүү кызматкерлер менен бирге шаардагы иштерди жеринде текшерип келген. Анын бул сапарларынын видеолору мэрия тарабынан жарыяланып турган.