
Чүй облустук милициясы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген 57 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция анын баңгизат сатып келгенин аныктап, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш ишин козгогон.
Шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда жалпы 40 грамм баңгизат табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.