
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусундагы мамлекеттик түзүмдөрдө коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына караштуу Чүй электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлерин кармаганын билдирди.



Маалыматка ылайык, кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз талап кылуу жана системалуу түрдө опузалоо фактылары аныкталган. 2026-жылдын 27-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 70 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы катталган.
Аталган иш боюнча Аламүдүн районундагы Лебединовка участогунун башчысы жана эки инспектор кармалды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси боюнча шектелүүдө.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда УКМК тарабынан бул сыяктуу башка фактыларды жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.