
Учурда камакта жаткан белгилүү акын, композитор жана активист Аскат Жетигендин абактан жазган каты жарыяланды. Аны укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Facebook баракчасына бөлүшкөн.
Анын айтымында, Жетиген абакта отурса да чыгармачылыгын улантып, камактагыларга комуз чертүүнү үйрөтүп жатат.
Катында акын өзүнүн калыстыктан тайбаганын белгилеп, кыйынчылыктарды татыктуу көтөрүп жатканын айткан. Ошондой эле анын ырлары эл арасында ырдалып, күүлөрү жаңырып жатканын кубаныч менен белгилеген.
Мындан тышкары, Абдирасулова Жетиген УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын айтып, бул боюнча иш козголбой жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын 1-июлунда “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Кийинки инстанциялар бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Акын өзү коюлган айыптарды четке кагып келет.