
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун ар тараптуу маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, өз ара кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле айыл чарба, инфраструктура, логистика жана суу-энергетикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Министр Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер ишенимдүү диалог менен натыйжалуу кызматташтыктын негизи болорун айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери да каралды.