
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Орусиядагы иш сапарынын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Анда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Маматалиев энергетика, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү белгилеп, негизги көңүлдү миграция маселесине бурду. Ал кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде медициналык камсыздандыруу, мектепке кабыл алуудагы тил сынагынан бошотуу жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүн жөнөкөйлөтүү сунуштарын айтты.
Ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо жана жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгы белгиленди.
Өз кезегинде Володин эки өлкө ортосундагы кызматташууну мыйзамдык жактан колдоону улантуу керектигин билдирди.