
Орозо айт маалында өлкө боюнча коомдук коопсуздукту 10 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу 17-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-мартка белгиленген Айт намазы мечиттердин аймагында гана өткөрүлөт.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырат.



