
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга кол салуу үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын алганын айтты. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирген.
"Эгерде биз кол салууну жасабаганыбызда ядролук согуш башталып, ал үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетмек. Андан да маанилүүсү, ал согуштан кийин эч нерсе калмак эмес", - деген АКШнын лидери.
Ошондой эле Трамп АКШ Иранга кол салбаганда, Тегеран өзөктүк куралга ээ болмоктугун жана аны Израил менен Жакынкы Чыгышка сокку уруу үчүн колдонорун кошумчалаган.