
.
29-январда Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен биргеликте Кыргыз киносунун күндөрүн расмий түрдө ачты.
Элчиликтин маалыматына ылайык, ачылыш аземинде Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев казакстандык көрүүчүлөрдүн кыргыз кинематографиясына болгон туруктуу кызыгуусун белгиледи. Ал элчилик тарабынан мурда көрсөтүлгөн «Бейиш эненин таманында» тасмасы 2024-жылы Казакстанда кинопрокаттын лидери болгонун эске салды.
Казак тараптан Маданият жана маалымат министрлигинин Маданият комитети төрагасынын орун басары Сабит Барлыбаев сөз сүйлөп, маданий алмашуунун маанисине жана кыргыз кинематографисттеринин жогорку кесипкөйлүгүнө токтолду.
Иш-чарага Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, дипломатиялык миссиялардын башчылары, кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү, ошондой эле Астананын жогорку окуу жайларында академиялык алмашуу программасы менен билим алып жаткан кыргызстандык студенттер катышты.
Ачылыш тасмасы катары режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» фильми көрсөтүлүп, зал толуп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чара Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылды.
30-январда Кыргыз киносунун күндөрүнүн алкагында «Качкын» драмасы көрсөтүлдү.