
.
7-январда Свердлов райондук милициясына “Дордой” базарынын жанындагы мечиттен акча салынган капчык, чөнтөк телефон жана жеке буюмдар уурдалганы боюнча арыз түшкөн.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен катталган. Тергөө учурунда 2008-жылы туулган А.С. аттуу жигит кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүү мечиттерден уурулук кылууга адистешкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө А.С. кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду «Ош базарынын» аймагында 3 миң сомго сатканын жана акчаны жеке муктаждыктарына коротконун мойнуна алган. Учурда тергөө иштери улантылууда.