
Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы сейил бакта 27-майда өспүрүмдөрдүн ортосунда чыккан чыр-чатактан улам 16 жаштагы бала оор жаракат алып, тез жардам келгенге чейин каза болгон. Маалыматты ИИМ тастыктап, факт боюнча иш козголгонун билдирди
Маалыматка караганда, өспүрүмдөр эки топко бөлүнүп урушуп кеткен. Жыйынтыгында жабыркаган баланы башка чапканда эсин жоготуп, кийин көз жумган. Шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда милиция жаңжал эмнеден чыкканын тактап жатат.